www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарында милициянын мурдагы имараты реконструкцияланып, заманбап бала бакча катары пайдаланууга берилди.

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас шаарында милициянын «Келечек» атындагы бала бакчасынын ачылышы өттү.
Имарат Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун демилгеси менен реконструкцияланып, республикалык бюджеттен каржыланган.

Белгилүү болгондой, бул имарат 2002-жылга чейин бала бакча катары пайдаланылып, кийин Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Жаңы бала бакча 74 балага ылайыкталган.

Анда Агартуу министрлигинин стандарттарына ылайык билим берүү программалары иштелип чыгып, тил, бий жана музыка боюнча сабактар өткөрүлөт. Ошондой эле балдарга логопеддик кызмат көрсөтүлөт.

Бала бакча эмеректер, оюнчуктар, аттракциондор жана башка зарыл жабдуулар менен камсыздалган.

Последние новости