www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын жаңы өкмөтүнүн курамы мурдагылардын жарымы кошулуп толукталып, жакынкы арада түзүлөт, бирок анын ичинде аялдар болбойт. Бул туурасында "Талибан"* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз улуттук биримдиктин өкмөтүн болушунча эрте түзөбүз. Чакан өкмөт түзөлү дедик, анын жарымы мурдагы министрлерден турат", — деген ал италиялык la Repubblica басылмасына берген маегинде.

Муджахиддин айтымына караганда, азыр "баш ооруткан" маселе катары сүйлөшүүлөр жыйынтыгын бербеген Панжшер аймагы турат.

"Биз болот деп ойлогон тынчтык процесси татаалдашып бара жатат. Панжшердеги аскерлерден өкмөттүн ал жерге кирерин айтып, багынып берүүнү талап кылдык. Эгер угушпай турган болсо, талкаланат ", — деген Талибан"* өкүлү.

"Аялдар өкмөттүн курамына киреби?" деген суроого жооп берип жатып: "Министр катары эмес. Бирок Куранда айтылгандарга, шарияттын мыйзамдарына таянсак, аялдар, мисалы, министрликтерде, полицияда же сот органдарында жардамчы катары иштей алышат", — деген Муджахид.

Ал афган аялдары жогорку окуу жайларда билим ала аларын белгилеген.

Эске салсак, талибдер мындан бир айдай убакыт мурда эгерде исламга каршы келбесе аялдардын билимге жана ишке болгон укугуна кепилдик берерин айтышкан эле.

Ал эми Афганистан бийлигинин жаңы байланыштары туурасында Кытай алар үчүн "өлкөнү калыбына келтирүү жана инвестиция салууга даяр экени үчүн негиз салган жана болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүк" жаратканын айткан.

"Кытай дүйнөнүн рыногуна чыга турган биздин мүмкүнчүлүгүбүз", — деген Талибан"* өкүлү.

Ал муну менен катар эле Россия менен мамилелери сууп кетти деген маалыматты четке кагып, "андай болуп сезиле бериши мүмкүн" деген.

"Биз аймакта маанилүү ролду ойногон Россия сыяктуу маанилүү өнөктөштөр менен жакшы мамилебизди улантабыз. Москва менен алакабыз негизинен саясий жана экономикалык жактан болот. Россия биз үчүн ортомчулук болууну улантууда жана биз менен биргеликте эл аралык тынчтык үчүн шарттарды түзүүгө катышып жатат", — деген кыймылдын өкүлү.

"Талибан"* АКШ менен анын союздаштарына өз контингентин 31-августка чейин Афганистандан эвакуациялап кетүүнү бир нече ирет талап кылган. Учурда талибдер Панжшер провинциясын кошпогондо аталган республиканын бардык аймактарына көзөмөлүн орнотту.

Панжшерде мындан 20 жыл илгери террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд учурда лидерлик кылып турат. Ал "Талибандын"* бийлигин таануудан баш тартып, аймак талибдерге жападан жалгыз каршылык көрсөтүп турат.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости