www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коммерсант Каныбек Туманбаев башында Икрам Илмияновдун “кол баласы” катары кызмат кылып жүрүп, бийликтин жарыгына кыйла эле жылынган. Шопурдун аркасы менен байыганын ЖМК жазып чыгышкан эсибизде. Кызыгы, улам бийлик алмашкан сайын Туманбаевдин туурга конуп келе жатканы таң калдырат.

Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин иниси Асылбекке эрмешип, былтыр “Биримдик” партиясы аркылуу парламенттик шайлоого катышкан. Миллиондорду төлөбөсө тизмеге киргизмек беле?..

Мындан сырткары да олуттуу суроолор жаралууда. Муфтияттан 150 миллион сомду Каныбек Туманбаев фирмасы аркылуу алып чыгып, былтыркы шайлоого катышкан “Биримдик” партиясына төгүп бергени ыраспы? Кылмышын жабуу үчүн 1 миллион доллар “кусуп” бергенби? Бул чуу боюнча Максат ажы Токтомушев камалып чыкты го? Анан калса, азыр абактагы Дашков менен курулуш компаниясын “жең ичинен” иштетип, миллондорду сологонбу?

А баса, өткөн жылдын октябрь айында шайлоонун шайтан оюндарынан кийин Аксыда жаңжал чыгып, бир адам каза таап атса, бул каргашага себепчи болгон эмеспи? Кичи мекениндеги үч жердешин каматып жибергенге салым кошконбу? Айылына бара албай калганбы? Афералык байлыгынан кутулуу үчүн “Аброр” чайханасын сатып жибергенби? Учурда артын тазаламыш этип, Равшан Сабиров аркылуу бийликке жол таап, кайрадан чалчактаган жатабы?..

Айтор, Алмазбек Атамбаевдин доорунда Икрам аркылуу байыган, кийин Сооронбай Жээнбековдун учурунда Асылбекке кошомат кылып жүргөн эргул моралдык жоопкерчилигин ойлобой, кайрадан Ак үй, Көк үйдү айланчыктаганына жол болсун! Ток этерине келсек, Каныбек Туманбаев жогорудагы суроолорубузга жооп бере алабы? Коомчулук астында шек жаратпай, жүзүн ачыктап алсын да, туурабы?

Дегенибиз, бул боюнча кеп кызыгы дагы курчуй бермекчи... “Шибегени капка ката албайсың” дейт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости