www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азыр партияларга эл ишенбей калган", - деди бүгүн, 3-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, партияларга анализ жүргүзүп, кимиси канча добуш алаарын алдын ала болжолдоп айтчу элеңиз. Бу сапар канча партия өтөт?

- Азыр партияларга эл ишенбей калган. Ошондуктан ашып кетсе, 2-3 партия гана өтөт. Анткени, эл бир мандаттуу жоопкерчиликти мойнуна алган депутаттарга көбүрөөк басым коёт. Эл жоопкерчиликти сезген, элдин маселесин чечкен депутаттарга суусап турат. Ошон үчүн бир мандаттуу шайлоодон жеңип келген депутаттарга көбүрөөк ишеним көрсөтүлөт.

- "Ата Мекен" партиясынын "Реформа" менен биригиши күчтөнгөндөн кабар береби?

- Эки партия бириксе да, көп добуш алалбай өтпөй калышы мүмкүн. Реформаны жаңы партия деп тааный башташканы менен "Ата Мекен" менен "Ар Намысты" анчалдык деле колдоо таппайт. Анткени, эл эски партияларды жаман көрөт. Ошондуктан, эл күтпөгөн, шайлоого жаңы катышып жаткан аты-жыты белгисиз партиялар толук өтүп кетиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости