www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузияда соңку бир суткада коронавирустан 86 адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Инфекция үч миңден ашуун адамдан аныкталды.

Грузияны ушул тапта коронавирустун төртүнчү толкуну каптап жатат. Адистер аны "катастрофалык" деп аташууда.

Эксперттер эпидемиологиялык кырдаалдын кескин начарлашын коронавирустун "дельта" вариантынан көрүп жатышат. Август айында Грузия вирустун жайылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыккан.

Грузия бийлиги буга чейин киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты. Ага ылайык, коомдук транспорт 13-сентябрга чейин жүргүзүлбөйт. Окуу жайларда сабактар 4-октябрда башталат.

Белгилей кетсек, 3,7 миллион калкы бар Грузияда коронавируска каршы вакцинация 15-мартта башталган. Андан бери толук эмдөөдөн калктын 15% өттү.

Эске салсак, буга чейин бул мамлекеттин бийлиги коронавируска каршы күрөштү натыйжалуу жүргүзүп, башка өлкөлөргө үлгү катары айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости