www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жаш келиндин өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда саат 18:50 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Көлбаев көчөсүндөгү үйдөн киши колдуу болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуулчулар жөнөтүлгөн.

Бирок алгач аял киши үй-бүлөлүк чыр-чатак болгонун айтып, милиция кызматкерлеринин жардамына муктаж эместигин айткан. Андан кийин үйдөн эркек киши чыгып, келининин өлүмү тууралуу билдирген.

«1963-жылы туулган С.И. 1987-жылы туулган С.О. аттуу келинин шаардын сырт жагында өлтүргөнүн билдирген», - деп айтылат маалыматта.

Кайгуулчулар анын көрсөтмөсү менен айтылган дарекке барган. Көрсөтмө берген жарандын уулу — 1986-жылы туулган А.Д. өзүнүн жубайынын сөөгүн жашыруунун амалын издеп жаткан жеринен Милициянын кайгуул кызматынын жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды.

Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, Аламүдүн РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости