www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-26-июлда Ташкентте Ооганстан боюнча өтө турган эл аралык конференцияга талибдердин делегациясы катышат. Бул тууралуу 11-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Владимир Норов билдирди.

"Биз бүгүнкү күндө бул өлкөдөгү реалдуу бийлик болуп эсептелген "Талибан" кыймылынын делегациясын күтүп жатабыз", — деди Норов.

Ал талибдердин конференцияга катышуусу – аларды таануу дегенди билдирбей турганын белгиледи.

Норов бул конференциянын максаты Ооганстандагы азыркы бийликке Ташкент жолугушуусунун алкагында кабыл алына турган эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керектигин түшүндүрүү экенин айтты.

"Орусия, Өзбекстан жана коңшу өлкөлөрдүн позициясы дал келет: "Талибан" кыймылы өз милдеттенмелерин аткарып, бардык саясий, этникалык жана диний топтордун катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүшү керек", — деп кошумчалады ал.

25-26-июлда Ташкентте өтө турган Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга 20дан ашуун өлкөнүн делегациясы катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости