www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылы (Россияда тыюу салынган уюм) Афганистанда саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө толук тыюу салганын жарыялады. Бул тууралуу Интерфакс Aamaj News агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

“Саясий партиялардын ишмердүүлүгү шариятка негизделбейт, алар улуттун жана элдин кызыкчылыгына жооп бербейт”, - деди Талибан өкмөтүндөгү юстиция министри Абдул Хаким Шараи.

2021-жылдын августунда талибдер Афганистанда бийликти басып алганга чейин өлкөдө 73 саясий партия катталган. Партия лидерлеринин көбү өлкөдөн чыгып кетишкен.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Уэст, ошондой эле Афганистандагы аялдардын жана кыздардын укуктары боюнча атайын өкүлү Рина Амири визитинин алкагында Катардын борбору Дохада Талибан радикал кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушарын билдирген.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пателдин айтымында, АКШ талибдер менен анын кызыкчылыгына ылайык келген учурда байланышты улантууга ниеттенүүдө, бирок бул эч кандай түрдө Вашингтондун Афганистандагы Талибан өкмөтүн тааныганын билдирбейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости