www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талкуу жараткан курсант кыздарга кандай чара көрүлдү?

Ички иштер министрлигинин Э.А. Алиев атындагы академиясы курсант кыздар тартылган видео боюнча ички иликтөө жүргүздү.

Анда кыздар криминалдык жаргон колдонулган ырга видео тартышып, алардын бири TikTok баракчасына жарыялаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, төртүнчү курстун курсанттары С.М.С. жана К.Э.К.га тартиптик жаза чаралары көрүлдү.

"Академия жетекчилигине ушул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн курсанттар менен үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча катуу талаптар коюлду", - деп белгиледи Ички иштер министрлиги.

 

Последние новости