www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамакты тоё жебеген адамдар COVID-19дун оор түрүнө чалдыгат

Америкалык окумуштуулар тоё тамак жебеген адамдар COVID-19 илдетинин оор түрүнө чалдыгарын аныктады. Аталган изилдөөнүн жыйынтыгын Scientific Reports журналы жарыялаган.

Эксперттердин командасы чала тоют болгондор менен коронавирустун оор формасынын ортосундагы байланышты изилдеген. Ал үчүн АКШда 2020-жылдын март айынан июнга чейин COVID-19га кабылып ооруканага түшкөн 8 604 жаш баланын жана 94 495 чоң кишинин маалыматы алынган.

Анда тоё тамак жебегенде иммундук системанын кадимки калыбында иштөө нормасы бузулуп, вирус чакырган инфекцияны жугузуу кооптуулугу жогорулары тастыкталган.

Коронавирустун оор формасына чалдыккан балдардын 7,5 пайызына "тамакты аз жеген" деген диагноз коюлган. Ошол эле учурда жеңил түрү менен ооругандардын 1,5 пайызына гана ушундай диагноз болгон. Ал эми чоңдор арасында төрт пайызы аз тамактануунун кесепетин тартса, 1,8 пайызы жеңил түрү менен ооруп айыккан. Муну менен чала тойгон балдар да, улуулар да COVID-19дун оор формасына чалдыгары белгилүү болгон. Ошондой эле кичинекейлерде жана 79 жаштан жогорку курактагыларда кооптуулук жогору экени аныкталган.

Авторлор жасаган эмгеги коомдук саламаттык сактоого пайдасы тиерин белгилеп, бул топко кирген адамдардын COVID-19дун оор формасына өтүп кетишинин алдын алууга жардам берерин болжогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости