www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олимпиада: Түштүк Корея жаңы тарых жазууда

Түштүк Кореянын жаа атуу боюнча курама командасы тарыхта калды. 9-алтын медалын катары менен жеңип алган Түштүк Кореянын спортчулары 33 жылдан бери эч кимге алтын медалды алдырбай келет.

Түштүк Корея Токио-2020 Олимпиадасында жаа атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы таймашта жеңишке жетишти.1988-жылы Сеулда ушул тармакта биринчи алтын медалын алган Түштүк Корея кийинки 7 оюнда алдына ат салдырган эмес. Токио-2020 Олимпиадасынын алтын медалы Түштүк Кореянын салттуу жещишин 33 жылга толуктады.

Жеке тандоо турларында Түштүк Кореянын спортчу аялдары биринчи үч орунга жайгашса, 1-орунду ээлеген Ан Сан 680 упай менен олимпиадалык рекордду жаңылады. Токио-2020 аялдар командасынан тышкары, Түштүк Кореянын спортчулары эркектер жана аралаш командалык таймаштарда алтын медалга ээ болушту.

Эскерте кетсек, спорттун бул түрүнөн Кыргызстандан Каныкей Кубанычбекова катышып тилекке каршы жеңишке жеткен эмес. Ошондой эле, ал өз кайрылуусунда бул оюн ага чоң тажырыйба болгондугун жана кийинки Олимпиадага мындан да жакшы даярданарын айткан.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости