www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияга 112 миллион сомдук жыйын зал курулуп жатат. Бул туурасында президенттин жана министрлер кабинетинин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тилек Батырканов ЖКнын бюджет жана финансы комитетинде билдирди.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Россиядан алынган каржылык жардамдын 24,5 миллион сомун курулушка сарптоого уруксат сурап, тармактык комитетке кайрылды.

Батырканов жыйындар залынын курулушу эки ай мурда башталганын айтты. Алгачкы планда кичи залды салуу болгон эмес, кийин аны кошкондуктан кошумча дагы 24,5 миллион сом талап кылынууда.

"Мурда мындай жыйын зал жок эле, 300 адамга ылайыкталып жаңыдан курулуп жатат. "Ала-Арчадагыдай" чоң болуп салынууда. 15-августка чейин куруп бүтүрүп, 19-20-августта кеңешме өтөт. Ошого даярданып жатабыз", — деди Батырканов.

Бюджет жана финансы комитети керек болуп жаткан акчаны бөлүү маселесин колдоп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости