www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Тамчы аймагындагы көл жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Курулуш министрлиги комментарий берди.
Маалыматка ылайык, көлдүн жээги саздак болгондуктан туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда. Мындай ыкма чет өлкөлөрдөгү алдыңкы туристтик обьекттерде кеңири колдонулуп келет.
"Учурда аталган аймакта көлдүн жээгиндеги саздак участоктордун абалын жакшыртуу жана жээкти бекемдөө максатында гана грунт төгүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштер көлдүн акваториясын кеңейтүү же көлдү толтуруу максатын көздөбөйт. Төгүлгөн грунт белгиленген көлөмдө тегизделип бүткөндөн кийин жээк мурдагы чегинде сакталат, саздак жерлердин абалы гана жакшыртылат.
Белгилей кетсек, бул жерде колдонулуп жаткан грунт ушул эле аймактан алынган. Грунт төгүлгөндөн кийин үстүнө кошумча эленген кум катмары төшөлөт. Учурда Экологиялык коопсуздук боюнча бардык талаптар толугу менен сакталууда.
Алсак:
* Аймакка химиялык же башка зыяндуу заттар төгүлгөн жок;
* Жүргүзүлүп жаткан иштер курулуп жаткан пансионаттар үчүн жээкти бекемдөө жана инженердик коргоо чаралары катары гана аткарылууда;
* Тамчы аймагында учурда 5 жылдыздуу 3 пансионаттын курулушу жүрүп жатат жана иштер тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтердин негизинде жүргүзүлүүдө.
Министрлик тарабынан мыйзамдуулукту сактоо жана экологиялык талаптарды камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштери улантылууда.
Такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана таянууга чакырабыз", - деп билдирди министрлик.
Эскерте кетсек, активист Эртай Исаков Фейсбук баракчасына курулуш компаниялар Тамчы айылындагы көл жээгине атайлап кум-шагыл төгүп, жерди кеңейтип жатканын жазып, видеосун жүктөгөн.