www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулуш объектилеринин биринде экологиялык талаптардын бузулганы аныкталып, компанияга 28 миң сом айып пул салынды.
Маалыматка ылайык, текшерүү жергиликтүү тургундун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн. Анда курулуш компаниясынын филиалына тиешелүү септиктин абалы жана саркынды сууларды башкаруу маселеси текшерилген.
Жыйынтыгында экологиялык талаптардын бузулганы аныкталып, компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 28 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, компанияга септикте топтолгон саркынды сууларды атайын ассенизатордук унаа менен үзгүлтүксүз сордуруп, белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү жайларга чыгарууну камсыз кылуу тапшырылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана ишканаларды айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам талаптарын сактоого чакырды.