www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Подмосковьедеги Алабино аймагында Армиялык эл аралык оюндар — 2021 жарышынын ачылышы болуп, анда адаттан тыш номер көрсөтүлдү.

Кызыктуу видеону RT жарыялады.

Видеодон Т-80У жана БМД-4 танкалары вальстын музыкасынын ыргагы менен айланса, сооттолгон үчүнчү темир техниканын үстүндө балерина менен танкист бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Армиялык эл аралык оюндар — 2021дин ачылыш салтанатына Россия президенти Владимир Путин келген. Бул мелдешке 43 өлкөдөн 290 команда катышууда. Алардын арасында кыргызстандык танкисттер менен адистер да бар.

"Танк биатлону" — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Кыргызстандык аскерлер бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда. Өткөн жылы Кыргызстан командасынын экинчи экипажы тайпалык этапта 3-орунду алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости