www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир дүйнө – Кыргызстан» адам укуктарын коргоо кыймылы жана «Голос свободы» коомдук фонду кызматтагы адамдар (милициячылар, тергөөчүлөр, кайтаруучу адамдар жана башкалар) тарабынан жасалган зордук-зомбулук маселелерин иликтеп жатат. Айрым так аныкталган гана учурларда кимдир бирөөгө каршы күч колдонулушу мүмкүн экендиги мыйзамда каралган.

Иликтөө «Жарандык тилектештик платформасы» өнөктөш тармагынын «Кыйноолордун алдын алуу боюнча» жумуш тобунун курамына кирген «Голос свободы» жана «Бир дүйнө – Кыргызстандын» өнөктөрү менен биргеликте Орусия, Армения, Беларусь жана Казакстанда жүргүзүлүүдө. Сурамжылоодо «милиция, милиционерлер, кайтаруучулар» деген аныктамалар «полиция, полициячы, көзөмөлдөөчү» деп колдонулат, анткени иликтөө эл аралык деңгээлде өтүүдө.

Мүмкүн болсо, маалымат каражаттары өз сайттары менен барактарында сурамжылоо боюнча маалымат жана шилтеме берип койсоңуздар. Суроолор кыргыз жана орус тилдеринде, 31-декабрга чейин жооп бериш керек. Иликтөөнүн жыйынтыктары 2023-жылдын биринчи жарымында жарыяланат.

Суроолорду төмөнкү сайттан окуп чыгып, жооп берип койсоңуз. https://survey5.opinion.team/02/r061222kg/cgi-bin/ciwweb.pl?studyname=r061222kg&id=VALUE. Жооп жазуу болгону 5-10 мүнөт убактыңызды алат. Суроолор пайда болсо, +996(550)184095 телефон номуру же [email protected] деген электрондук дарек боюнча кайрылса болот.

Последние новости