www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхчы:

Памирлик кыргыздар Нарынга келген памирликтер жүдөп кетти. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов айтты.  

--"Памирлик кыргыздар Нарынга көнө элек. Биринчиден климат, суусу, маданияты, адамдар ортосундагы мамиле, тил - булардын бардыгы чоң маселе да. Алар жүдөп кетти. Башкалардын барганы булар үчүн кыйноо да. Бийликтен барат, башка жактан барат. Кыскасы, адаптация деген бул чоң сөз, өзү бир сөз болгону менен мааниси өтө кенен.

Памирден алып келип бул жакка адаптация кылып жиберебиз деген туура эмес. Айрымдар адамдардын тагдырын оюнчуктай көрөт да. Экинчиден, ошол жерди бош таштап, киндик каның тамган, ата-бабаңдын көрүстөнү жаткан жерди бош таштап, жеңилирээк турмуш бар экен деп көчүп келгендин өзү деле жакшы эмес.

Булар мурда эмнеге көчкөн эмес? Памирликтер эгер бейиш бар болсо ушул Памир тоолорунун алдында деп келишет. Памир тоолорун ушунчалык жакшы көрүшөт. Түркиядагы кыргыздар Памир тоолорун эңсеп жүрүшөт. Керек болсо ыр, кошоктору бар", - дейт тарыхчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости