www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин бир дагы президент Жогорку Кеңештин депутаттарын чайга чакырган эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
"Минтип чайга чакырганын коррупция катары сыпаттаса болот. Эгер Түштүк Кореяда ушундай болсо, баары отставкага кетмек. Буга чейин бир дагы президент депутаттарды чайга чакырган эмес. Андыктан салтка айланган көрүнүш деп айта албайм", — деди Акаев.
Ошондой эле ал өзү талкууга түшкөн сый тамакка барбагандыгын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 27-июлда, эл өкүлдөрүнүн жоон тобу президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына барган. Депутаттар Умбеталы Кыдыралиев менен Бейшеналы Нурдинов жыл сайын сессиянын соңунда мамлекет башчы депутаттарга сый тамак уюштурарын айткан. Муну салтка айланган көрүнүш катары сыпатташкан.
Бирок Акаев кесиптештеринин айткан пикирин четке кагууда.
Булак: NazarNews.kg