www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ташиевдин бул маселени чечип, чекит койгонго укугу жок», - деди бүгүн, 29-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Ташболот агай, кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди дегенден бери коомчулукта нааразы пикирлер да айтыла баштады. Ташиев берген маалыматты кубануу менен кабыл алсак болобу?

- Мен азыр чечилди делген чек ара маселесин жакшы же жаман деп айткым келбейт. Себеби, Ташиевдин бул маселени чечип, чекит койгонго укугу жок. Ал сүйлөшүү жүргүзүп бир вариант алып келет. Аны Өкмөт жактырса парламентке ратификацияга сунуштайт. Парламент үч окууда колдосо, президентке жиберилет. Эгерде ал законго кол койсо гана азыркы Ташиев алып келген эки тараптуу келишим күчүнө кирет. Кыскасы, алдыда чек ара маселесинде көп талаш- тартыштар күтүп турат. Азырынча өзбек-кыргыз чек арасы боюнча кубануу же кайгыруу эртелик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости