www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акимдер көбүрөөк эл чогулган жерден шыр эле качат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--Мен акимдерди көрүп жатам, алар айылга барып сөз айта алышпайт экен. Акимдин өңү-түсү бар, минген машинеси бар, анан аким деген аты бар, болду, андан башка эчтекеси жок. Көбүрөөк эл чогулган жерден шыр эле качат экен. Барган менен баары бир эл укпайт экен да аны. Ошондуктан райондорду бириктириш керек дагы чоң-чоң экономикалык райондорду түзүш керек. Мисалы көл тарапты күңгөй-тескей кылып эле эки экономикалык район кылып бөлүп коюш керек. Чүйдү - Чыгыш Чүй, Борбордук Чүй, Батыш Чүй району деп үчкө бөлүп же Бишкектин чыгыш жагын бир район, батыш жагын бир район кылып койгон оң.

Кыскасын айтканда, менин кабарым бар, республика боюнча бир вариантында он жети экономикалык район түзүлүш керек, экинчи вариантында - он төрт. Мисалы Аксы менен Ала-Бука бир болуш керек. Ошондой эле шаарларды сөзсүз түрдө бир жагына кошуш керек. Мисалы, Каракол шаары менен Аксуу району бир кезде бир болчу. Балыкчы менен Ысык-Көл району бир болчу. Токмок менен Чүй бир болчу. Нарын району менен Нарын шаары бир болчу. Ошондой карлик шаарлардын баарын районго кошуу керек, ошондо бири-бирине жакшы болот”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости