www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы спорт комплексинин курулушуна старт берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы спорт комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды.
Аталган спорт комплексинин жалпы аянты 2160 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттан турат. Комплекс административдик жана спорттук болуп эки бөлүккө бөлүнүп, анда эки спорт зал, өзүнчө машыгуу бөлмөлөрү жана башка керектүү заманбап шарттар каралган. Долбоордун сметалык баасы 150 млн.сом.
Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК Төрагасы Баетов айылынын тургундарын, өзгөчө жаштарын спорт менен машыгууга жана спорт аркылуу сергек жашоо образын калыптандырууга чакырды. Аталган спорт комплекси аркылуу келечекте өлкөнүн желегин желбиреткен мыкты спортчулар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирди.
Өз кезегинде Баетов айылынын тургундары УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылыктарын айтышып, ак батасын беришти.