www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары УКМК төрагасы К.Ташиев Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борбордун курулушуна капсула салды.

Т.Жолдубаев жана А.Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишине маданий борбор куруу иштери «Барс Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, имараттын котлованы казылган. Долбоор президенттин турукташтыруу фонду тарабынан каржыланат. Сметалык баасы болжолдуу 150 млн сом.

0,40 га, Маданият борбордун жалпы аянты 3 кабаттуу болот, жер төлөсү да каралган. Комплексте кинотеатр, китепкана, музей, иш бөлмөлөр, конок күтүү залдары, маданият өкүлдөрүнө керектүү заманбап шарттар камсыздалат.

Ташиев өлкөнүн маданият тармагына өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын, аймактарга керектүү маданият үйлөрүн куруу маанилүү экенин белгиледи. Ал борборду сапаттуу курууну тапшырды.

Курулуш иштерин 2026-жылы бүтүрүү пландалууда.

Последние новости