www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев Болот Темиров боюнча комментарий берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Новые лица" гезитине берген маегинде иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин башка мекеме тергеп жаткандыгын айтты.

"Болот Темиров качандыр бир убакта өлкөгө жардам берем десе, чара көрүү үчүн андан эң маанилүү маалыматтарды алып турганга кубанычта болобуз. Ар бир адамдан, журналисттен маалымат алууга дайым даярбыз жана ачыкпыз. Анын кылмыш ишин УКМК козгоп, тергеп жатат деп айтып келишет. Анын кылмыш иши бизде жок деп коомчулукка маалымат бергиле. Биз кылмыш ишин козгобойбуз, иликтебейбиз, сотко бербейбиз. Мунун баарын башка ведомство жасайт. Ал ички иштер министрлиги. Ага биздин тиешебиз жок. Ооба, кандайдыр бир маалыматтарды, далилдерди чогултуп жатканда биздин кызматкерлер катышкандыр. Мен мындайларга уруксат берем. Бирок бул фактыларды чогултуп, анан сотко жөнөткөн бөлүм тарабынан жүргүзүлөт. Болот Темировдун паспорту, аскердик билети жасалма болуп чыкканына биздин кандай тиешебиз бар?! Ал качан сатып алган же уурдаганын сот аныктайт", - деп белгиледи УКМКнын башчысы.

Камчыбек Ташиевдин айтымында Болот Темиров 16-17 жашында башка бирөөнүн аскердик билети менен паспорт алган.

"Бирок ал эч качан аскерде кызмат өтөгөн эмес. Муну тиешелүү органдар тастыктап жатат. Биз аны жасалма документ жасоого мажбурладыкпы? Ушул кезге чейин ал Кыргызстандын жараны болуп, паспортубузду алып жүрдү. Бирок ал эч качан мыйзамдуу түрдө жарандык алган эмес. Ал документтердин баарын жасалма алган. Ал жасалма болсо? Биздин кандай күнөөбүз бар? Мунун баары далилденип, сотко өткөн. Сот чечим чыгарат", - деди Ташиев.

Ташиев Темировдун журналисттик иликтөөлөрү эфирге чыга электе эле кылмыш иштери тергеле баштаганын кошумчалады.

"Мен так билбейм, бирок бир нече ай мурун тергөө иштери башталган. Анткени фактылар ачыкка чыккан", - деп түшүндүрдү Ташиев.

УКМКнын жетекчиси ошондой эле журналисттер кандайдыр бир айыптоолорду жазышса, анда алар конкреттүү фактыларды келтириши керек деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости