www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мен коррупция менен күрөшүүдө үрөй учурган, чачты тик тургузган көрүнүштөргө күбө болдум. Менин коррупцияны жок кылуу боюнча ниетимди, максатымды кээ бирлер олуттуу кабыл алышкан жок. Ошол себептен мени коррупцияга аралаштырууга, акчанын күчү менен жолдон адаштырууга катуу аракет кылышты. Үйүмө коробка толгон акчаларды көтөрүп алышып, тигил же бул маселени чечип берүүнү суранышты. Мен алардын өздөрүн коррупциялык иштер үчүн кармап, камап, жоопкерчиликтерин карадык”.

Бул УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Регион” телеканалына берген маегинде айткан сөзү. Ушул сөзү анын коррупцияны ооздуктап, коррупциясыз коом, өлкө курууга болгон ниет, ыклас, максатынын канчалык экенин таасын көрсөтөт. Анын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү сынбас, тайманбас, майтарылбас эркин далилдейт. Тилекке каршы, мурда коррупция менен күрөшүүнүн ордуна ушундай пачкалаган акчаларды үйлөрүнө ташышып, алышып, беришип, бардык иштер “жең ичинен” бүткөрүлүп, коррупцияны андан бетер гүлдөтүп олтурушканы кашкайган чындык. Камчыбек Ташиевдин андай көрүнүштөргө бөгөт коюп, андай жазылбаган “системаны” сындыргандыгынын өзү не деген эрдик. 

Эгерде коррупционерлер, коррупциялык топтор келген бийликтин баарын колго алышып, мамлекетти талап-тоноп, казынадан уурдагандарын улантып келишсе, Камчыбек Ташиев алардын андай аракеттерине, ниеттерине жол берген жок! Бул чыныгы коррупцияны жок кылуучу адамдын кылар иши! 

Өз сөзүндө генерал менчиктештирүү менен башталып, андан ары прихватизацияга айланып, кийинчерээк мамлекетти талап-тоноочулук менен коштолгон коррупция мамлекетти болуп көрбөгөндөй алсыздандырып, аларга каршы күрөшүүнү мындай коелу, мамлекеттин өнүгүүгө, алдыга жылууга дарманы болбой калганын айтты. Генералдын бул сөзү тилекке каршы, кашкайган ачуу чындык. Мамлекетти талап-тоноо, мамбюджеттин акчасын уурдоо 2020-жылга чейин созулуп келбедиби. Ага чейинки коррупция менен күрөш деген жөн эле жел сөздөрдөн болгонун баарыбыз билдик. Эгерде 2020-жылдын октябрында бийлик алмашпаганда кандай болмок? Аны айтууга акылдын деле кереги жок! 

Мамлекеттик өндүрүш объекттерин, социалдык имараттарды, жерлерди менчиктеп, басып алуу, ар кандай жолдор менен мамбюджеттен уурдоо, коррупциялык схемалар аркылуу мамлекеттин каражаттарын өөнөө, өлкө казынасын “кемирүү” дагы деле уланып, коррупция менен күрөшүүнү түшүбүздө гана көрүп, анын ордуна “факты бергиле, факты...” деген сөздөрдү угуп, коррупция менен чындап күрөшүү кандай болорун билбей, элестете да албай жүрмөкпүз да... Анан кантип саясат таануучу Алик Орозовдун “Камчыбек Ташиев Кыргызстанды кыйын кырдаалдан чыгарып, өлкөнүн сазга батып калуусунан куткарды” деген баасына кошулбай коёбуз? Бүгүнкү президент Садыр Жапаров, коррупцияны жок кылуунун башында турган Камчыбек Ташиев болбогондо, мамлекетибиздин абалы жумшак айтканда, кейиштүү болмок...

Камчыбек Ташиев постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде аналогиясы жок күрөштү жүргүзүп жатканын баса белгилей кетели. Алардын биринде да биздегидей күрөш жүргөн жок. Ошол себептен айтышып, сөз кылышып, жазышып жатышат. 2020-жылдан бери эле мамлекетке 300 млрд. сомдон ашык каражат акчалай, мүлк, активдер түрүндө кайтарылды. Алардын ичинде 1000ден ашык объекттер, 30 миң гектардан ашык жер тилкелери... Эмне деген натыйжа, көрсөткүч? 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупциянын түбүнө жетип, аны системалуу күрөшкө айлантып, уурдалган акчаларды кайтаруу менен эле чектелбей, коррупцияны алдын алып, коррупциясыз коом курууга жетишүүгө болгон максатын, ниетин ушундан билели, өзү демилге көтөрүп, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, аны менен коррупцияга аралашкан чиновниктердин үй-мүлкүн конфискациялап эле койбой, эркиндигинен ажыратып, толук кандуу жазалоо тартибине жетише алды. Бул боюнча бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип катаалданды. 2025-жылдын башынан мыйзамдар күчүнө кирди. Токмоктун мурдагы мэри 13 жылга эркинен ажыратылып, учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул коррупция менен чындап күрөшүүнүн натыйжаларынын бири. Эми коррупциялык ишке баргандардын жакындары мамкызматтардан бошотулуп, экинчи мамкызматтарда иштей алышпайт. Убакыт коррупциянын түбүнө жетип, коррупциясыз коом, өлкө куруу үчүн ушундай катаал чараларга баруу керектигин көрсөттү. Камчыбек Ташиев аны эң жакшы түшүнүп, ушундай чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур болду. 

Коррупция, криминалга каршы күрөшүү менен катар чек ара маселелери да генералдын убактысын, нервин алды. Кудайга шүгүр, чек ара талаштарына чекит коюлуп, бул көйгөй өлкөбүздүн, элибиздин кызыкчылыгында чечилди. Эми Камчыбек Кыдыршаевич коррупция менен күрөшүүгө буга чейинкиден көп убактысын бөлүп, дагы да чечкиндүү, батыл кадамдарга барарын бөркүбүздөй көрөлү. Мамлекетибизде УКТ жок кылынып, криминалсыз коом курулуп калгандай эле келечекте коррупциясыз мамлекетти курууга жетишерибизге ишеним бар. УКМК төрагасы бүгүн ошого чыйыр, негиз салууда. Буйруса, ал күндөргө жетишип, коррупция жок өлкөгө айлана турган болсок, анын башында Камчыбек Ташиев турганы айтылып, аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калары талашсыз.

Мирлан Дүйшенбаев

Последние новости