www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жана анын ордуна жаңы келген Максат Асаналиевдин атын жамынып, акча опузалагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Т.Т. жана К.И. аттуу жарандар күйөөсүнүн иши сотто каралып жаткан А.Г. аттуу аялга моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, жолдошуна соттон оң чечим чыгартуу үчүн 8 миң доллар талап кылышкан. Алар К.И. УКМКнын төрагасынын жээни, Зулушевдин өкүл баласы экенин, Асаналиевдин тууганы болорун айтып, сотторго таасир этип, күйөөсүн бошото аларын билдиришкен. Шектүүлөрдүн бири Т.Т. мурда алдамчылык иши боюнча жоопко тартылган.

Эки шектүү 27-июнда акчанын бир бөлүгүн алып жатканда кармалган. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Последние новости