www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту «75чилер каты» боюнча иште айыпталуучулардын аракетин «Бийликти күч менен басып алуу» беренесинен «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренесине кайра квалификациялады.

Сот айыпталуучуларды төрт жылга эркинен ажыратып, пробациялык көзөмөл мөөнөтүн үч жылдан эки жылга кыскартты. Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, жаңы берене мүлктү конфискациялоону карабагандыктан, айыпталуучулардын мүлкү конфискацияланбайт.

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жоомарт Аширбаев соттун чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко кассациялык арыз берилерин айтты. Анын пикиринде, «бийликти күч менен басып алуу» боюнча айыптар далилденген эмес.

7-сентябрда прокурорлор айыпталуучуларды тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.

Последние новости