www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент плов: Артисттерде ар барбы?

Улуттук ар-намыс такыр эле калбай калдыбы, айтор кийинки кездери акчага, материалдык дүйнөгө көз кызартып, артынан кууп алдык. Кыргыз качан көр дүйнөнүн кулу болуп, намысын кара курсак менен ченечү эле. Байлык, бийлик колдун кири дечү эле го. 

Азырчы? Кыргыз улуулугун унутуп такыр майдаланып кетти. Эмнеге мынчалык төмөн түштүк? Өзгөчө улуттун өнөрүн, маданиятын алып жүргөн артисттердин бир табак плов үчүн, кара курсактын кулу болуп, оозунан шилекейи куюлуп "Ташкент плов" деп акактагандарын токтотпой коюшту. 

Дүйнөдө бир эле "Ташкент плову" бардан бетер, ар-намысты жыйыштырып коюшуп, бир табак плов үчүн реклама кылбаган кыргыз артисттери калбады. Кыргыз плову, кыргыз ашы десе кемип калышабы?  

Өзбекстанда Ош плову, Өзгөн плову, Бишкек плову деп реклама кылган өзбек артисттерин эч ким көргөн эмес. Аларда намыс бар. Кара курсак үчүн төмөн түшкөнү жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости