www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик сапарына байланыштуу ррезидент Садыр Жапаров Катар мамлекеттик маалымат агенттигине (КНА) интервью берип, анын негизинде кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу макала жарыяланды.

Төмөндө макаланын тексти (эркин котормо):

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Катар маалымат агенттигине (КМА) берген маегинде: Улуу даражалуу Эмир – Кыргызстанга келген биринчи араб лидери. Анын мамлекеттик сапары келечектүү кызматташууга жол ачкан тарыхый учур болуп саналат.

Бишкек, 6-июнь, Катар маалымат агенттиги (КМА) – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров улуу даражалуу Эмир шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапарын “маанилүү тарыхый сапар” деп мүнөздөп, улуу даражалуу Эмир Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келген биринчи араб лидери болгондугун белгиледи.

КМАга берген маегинде Кыргыз Республикасынын Президенти улуу даражалуу Эмирдин бул сапары Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб өлкөлөрү менен карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин айтты

Ал эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туш болгон улуу даражалуу Эмирдин мамлекеттик сапары Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, чоң түрткү берерине бекем ишенерин баса белгиледи.

Улуу даражалуу Кыргыз Республикасынын Президенти улуу даражалуу Эмирдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишине кубанып жатканын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу ырааттуу өнүгүүгө карай туура багытта бара жатканын белгиледи.

Бул сапар кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктаарын, жакынкы келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү фактор болоорун кошумчалады. Себеби кызматташууга тиешелүү шарттарды түзүү үчүн бир катар тармактар боюнча бир нече макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө. Бул макулдашуулардын алкагында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Улуу даражалуу КР Президенти улуу даражалуу Эмир менен эл аралык аянтчаларда, эң акыркысы 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнөлүк футбол чемпионатында жолугушкандыгын эске салды. Тараптар кызматташууну чыңдоо жолдорун талкуулашкан. Улуу даражалуу Эмирдин Бишкекке болгон сапары өз ара пайдалуу болгон эки тараптуу ар кыл маселелерди терең талдоого эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүп жатканын кошумчалады.

Улуу даражалуу КР Президенти Катар маалымат агенттигине бул мамлекеттик сапарда улуу даражалуу Эмирге Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы, ыкчам жана тынымсыз өнүгүп жаткан башка Борбор Азия өлкөлөрү сыяктуу эле өлкөнүн өнүгүү потенциалы менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин чечмелеп айтып берди.

Ошондой эле ал Катар Эмиринин сапары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн эң ыңгайлуу учурга туш болгонун, мамлекеттик сапарынын алкагында улуу даражалуу Эмир кыргыздын каада-салты, көөнөргүс маданияты, ак мөңгүлүү аскар тоолору, шылдыр булактары жана агын суулары менен жакындан таанышарын белгиледи.

Улуу даражалуу Президент Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосунданы бекем алаканы баса белгилеп, эки өлкө тең эки тараптуу кызматташууну мындан да жакшыртуунун үстүндө иш алпарып жатканына токтолду. Саясий диалог менен бирге соода экономикалык жана инвестициялык карым-катнаш жаатында жана маданий жана социалдык алмашуулар боюнча маанилүү талкуулар жүрүп жатат. КР Президенти Катардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошуп жаткан чоң колдоосун белгиледи.

Бул өңүттө ал кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү катары Бишкек менен Доха ортосунда түз аба каттамдарын ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн атады. Улуу даражалуу Эмир менен жолугушууда ушул сыяктуу алака-катыштарды арттырууга байланыштуу бардык маселелер боюнча пикир алышарын айтты.

Ал Кыргызстан менен Катардын маданиятынын жалпылыктарын, эки өлкөнүн жетекчилиги тыгыз жана достук мамиледе экенин кошумчалады. Андыктан, алака-катышты жана кызматташуунун өнүктүрүүдө эки тараптуу деңгээлде гана эмес, эл аралык долбоорлордо да натыйжалуу кызматташууга ишеним чоң.

Мындан улам, КР Президенти эки тарапка тең пайда келтире турган экологиялык таза продукцияны экспорттоо, гидро энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, “жашыл энергия” жаатында кайра жаралуучу энергия булактарын өздөштүрүү жана экотуризм камтылган маанилүү кызматташтык багыттары бар экенин тизмектеп, Кыргызстан менен Катардын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуунун келечеги чоң экенин айтты.

Ал Кыргызстандын Евразия регионунун (Европа жана Азия) ортосунда жайгашканын эске алып, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, өз кезегинде бир топ көлөмдүү долбоорлорго жол ача турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу сыяктуу ири долбоорлор боюнча иштеп жатканын мисалга тартып, Борбор Азия чөлкөмүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жана биргелешип өнүгүүсүнүн жаңы жолдорун издеп жатканына токтолуп, бул долбоорду катар тарап менен талкуулоо ниетин билдирди.

Ошондой эле Кыргыз мамлекети санариптик трансформация саясаты багытында баратканына, көптөгөн жаш старт-аптар менен бирдиктүү долбоорлордун үстүнөн иштеп жатканына токтолуп, дүйнөгө белгилүү хаб катары таанымал Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын бөлүп көрсөттү. Муну эске алганыбызда бул сектордо биргелешкен бизнес жаатында мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле Катар Мамлекетинин тажрыйбасын пайдалануу менен өнүгүп жаткан компанияларды колдоого мүмкүнчүлүктөр бар.

Саясий кызматташтык чөйрөсүнө токтолгон Президент Катар маалымат агенттигине Кыргызстандын эл аралык тышкы саясаты өз ара урматтоого, БУУнун принциптерине негизделгенин билдирип, аймактагы кошуна өлкөлөр менен туруктуу өнүгүүгө умтуларын белгиледи.

Кыргызстан менен Катар эл аралык уюмдардын алкагында бир-бирин колдоорун, алар аймактык жана эл аралык көптөгөн маселелер боюнча бирдей көз карашта экенин кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Катар Мамлекетинин эл аралык саясатта туруктуу жана принципиалдуу, ошол эле учурда ийкемдүү тышкы саясат жүргүзүп келаткан маанилүү ролу тууралуу айтып берди.
Президент мырза Катар Мамлекетинин акыркы жылдары эл аралык деңгээлдеги ишмердиги, өзгөчө, ортомчулук багыттагы ролу абдан жогору бааланарына токтолуп, Катар Мамлекетинин дүйнө өлкөлөрүнө көрсөткөн гуманитардык жардамын, өнүгүү программаларына кошкон салымын белгиледи.

Улуу даражалуу Президент улуу даражалуу Эмир менен талкуулай турган маселелерди тизмектеп, алардын ичинен экономикалык менен инвестициялык долбоорлорго басым жасаларын билдирди.

Буга кошумча катары Катар Мамлекети менен ири жана келечектүү болгон ири долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташууга кызыкдар экенин чечмелеп, эң алды менен Кыргыз Республикасындагы жана жалпы эле Орто Азиядагы өнүгүү динамикасына байкоо жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады. Ал өлкөгө жана регионго жаңы дем бере турган долбоорлорго көңүл бурууга чакырарын айтты.

Ошондой эле учурда энергетика тармагында кызматташуу үчүн кыргыз тарап менен катарлык “Nebras Power” компаниясынын ортосунда алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бул тармактагы сүйлөшүүлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Мындан сырткары, Кыргызстанда энергетика тармагында маанилүү, ири долбоорлор башталганы, бул секторду өнүктүрүү боюнча жаңы тариф саясаты киргизилгени айтылды. Ал мындай кадамдар, өзгөчө, бир нече ири ГЭСтерди жана шамал менен күндүн нурунан энергия бөлүп чыгаруучу станцияларды куруу пландарын эске алганда инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратарын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Катар маалымат агенттигине курган маегинин соңунда көптөгөн реформалар жүргүзүлүп, инвестиция тартуу үчүн бир эле Кыргызстанга эмес, бүтүндөй аймакка пайда алып келе турган жаңы дем берүүчү механизмдер киргизилип, жаңы креативдүү идеяларды колдоого алынып жатканын, андыктан, улуу даражалуу Эмирдин мамлекеттик сапары бул багытка да түрткү болорун белгиледи”.

Последние новости