www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент бүгүн Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан) иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости