www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент облусунун Кибрай районунда беш киши атайылап өлтүрүлдү. Өлтүрүлгөндөрдүн төртөө бир үй-бүлөдөн болгон, ал эми бешинчи жабырлануучу алардын үйүндө иштеген, деп билдирди Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы 29-июлда.

Маалым болгондой, трагедия 29-июлга караган түнү болгон. Жабыркагандар — бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү (атасы, эки кыз, бир уулу) жана ошол үйдө иштеген куруучу.

Ташкент облусунун прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн «а» жана «ж» пункттары менен «Оор абалда атайылап киши өлтүрүү» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Белгилей кетсек, кылмышка шектүү кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости