www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамын өзгөртүүнү сунуштады.

Ага ылайык, аскер кызматында иштегендердин пенсияга чыгуу курагын 43төн 45 жашка чейин узартуу демилгеленди.

Бирок буга Коргоо министрлиги каршы пикирин билдирүүдө. Министрдин орун басары Нурлан Кирешеев бул мыйзам кабыл алынса жаш офицерлер өспөй каларын айтты.

«Бул мыйзамды кабыл алуу эрте деп эсептейбиз. Куралдуу күчтөрдө 2003 офицер кызмат кылат, анын 1767си подполковникке чейинки жаш офицерлер. Аскер кызматкери подполковник наамын орточо 36-37 жашында алат. Анан бул мыйзамды кабыл алганда жашы улгайган офицерлер кызматты ээлеп көпкө отуруп калат деген кооптуулук бар. Жаш өсүп келе жаткандардын перспективасы азаят. Аскер кызматы күнүмдүк стресске байланышкан, күнү-түнү жумушта болушат. Анализ боюнча 45-50 жаштагы офицерлердин 70 пайызынын өнөкөт оорулары бар», — деди Кирешеев.

Ал эми эл өкүлү Кожобек Рыспаев, тескерисинче, 43төн 50гө чейин күчкө толуп турган курак экенин айтты.

«Силердин жумушуңар аябай «нервный» деп жатасыңарбы? Мен деле Афган согушуна катышып келгем, «нервный» болбой жакшынакай эле иштеп жатам. 43төн 50гө чейин күчкө толуп турган курак. 10 жылдык согушта нерв коротуп келген бизбиз», — деди Рыспаев.

Анын пикирин кесиптеши Шайлообек Атазов дагы кубаттады.

«Офицерлер 43 жашында жүгүрө албай калат дейсиздер, 45 жашында Майк Тайсон, Рой Жонстор 12 раунд боксташып жатпайбы. Борбордук аппаратта курсагыңарды салаңдатып кабинетте отурсаңар, 43 жашыңарда жүгүрө албай каласыңар да анан», — деди Атазов.

Нурбек Сыдыгалиев милиция кызматкерлери 55 жашынан пенсияга чыгарын, ал эми аскер кызматындагылар 45 жашка нааразы болуп жатканын чекилик деп сыпаттады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости