www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаратылыш байлыктарын сыртка ташып кеткен инвестициялар өлкөнү эч качан өнүктүрбөйт», - деди бүгүн, 19-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташполот Балтабаев.

- Ташполот мырза, Атамбаев менен Бабанов түзгөн келишимдин айынан «Жерүй» эч бир үлүшкө ээ болбой калды дешүүдө. Бабанов да башка олигархтардай эле мамлекетке келтирген зыяны үчүн жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

- Бабановдун күнөөсүн тийиштүү органдар иликтеп чыгышсын анан күнөөсүн айтсак болот.  Негизгиси азыркы болуп жаткан иштерге учурдагы бийлик жооп бериши керек. Биз дайыма кемчиликтерди кечээки бийликке оодара бергенди токтотушубуз керек.

- Карыз төлөнүп, учак сатып алганыбыз бийликтин иши илгерилеп баратканын далилдейби?

- Мен андай деп ойлобойм. Анткени, жаңы бийликтин ишинин илгерилеп баратканынын күбөсү катары төмөнкүлөрдү эсептейт элем: улуттук дүң продукцянын өсүшүн, карызга жашагандын токтолушун, гумжардам сурап тилемчиленгендин токтолушун, заманбап технологияларды алып келген инвестициялардын көлөмүнүн өсүшүн, пенсия - маяналардын көбөйүшүн жана башка.

Ал эми жаратылыш байлыктарын сыртка ташып кеткен инвестициялар өлкөнү эч качан өнүктүрбөйт. Ал пайдасы жоктун иши. Эгер биздин гидроэнергетикага миллиарддаган инвестиция алып келип, 10-15 ГЭС курдурса накта өнүгүү болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости