www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жерүй» кенин Кыргызстанды бир пайызга да ээ кылбай сатылышына Атамбаев менен Бабановдун түзмө-түз тийешеси бар», - деди бүгүн, 19-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдразаков.

- Бейшенбек мырза, «Жерүй» ишке кирди, инвестициялык климат жанданды деп кубанганыбыз менен утулуп калдык деген пикирдегилер да бар. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- «Жерүй» кенинин келишимин кайра карап, Кыргызстанды үлүшкө ээ кылыш керек. Антпесек утулуп калабыз. Салык төлөйт экен деп кубанбай, үлүшкө ээ боло турган жолун табышыбыз шарт.

- «Жерүй» дүңүнөн сатып, жаңы  бийликти баш тарта албай турган  кылгандардын сап башында Бабанов турабы?

- Албетте, Атамбаевдин бийлигинин тушунда «Жерүй» кенин Кыргызстанды  бир пайызга да ээ кылбай сатылышына Атамбаев менен Бабановдун түзмө-түз тийешеси бар. Ошондуктан, Бабановду башка олигархтардай эле камап, бюджетке акчасын төктүрүп, мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп алыш керек. Азырынча ага кезек жетпей жатат окшойт. Кичине күтө туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости