www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТОРЕПОРТАЖ - Жапаров Чолпон-Ата шаарына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Ден соолук» медициналык калыбына келтирүүчү комплексинен кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Реабилитациялык борбордун директору Тилек Маткеримова Мамлекет башчысына республиканын алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим балдардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден-соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого багытталган комплекстин иши жөнүндө маалымат берди.

Долбоорго ылайык, комплекс 8 блоктон туруп, анда аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр жайгашышы керек болчу. Ошондой эле, комплексте эс алуу блогу, клиникалык лаборатория, азык-түлүк блогу, кир жуучу жайы каралып, магниттик-резонанстык томограф орун алышы керек эле.

Бул комплекстин жайгашкан жери Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган.

2020-жылы коронавирус пандемиясы чыккан мезгилде аталган комплекс коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн стационар катары иштеген.

«Комплекс каражаттын жетишсиздигинен улам өз убагында бүтпөй калган. Эгерде аны ишке киргизсе ал бир эле учурда 250 баланы энеси менен бирге кабыл ала алат», — дейт Тилек Маткеримова.

Мамлекет башчысы комплексти көрүп, талап кылынган курулуш иштеринин көлөмү менен таанышып чыгып, жакынкы аралыкта долбоорго каражат табыларын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда бейтаптарга жыл бою кызмат көрсөтүп, алардын ден-соолугун бекемдөөгө оң таасирин тийгизе турган медициналык калыбына келтирүүчү борборду өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган комплексти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн чыгымдардын болжолдуу эсебин ыкчам даярдап берүү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости