www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таштанды полигонунда түтүн 95 пайызга азайды

Бишкекте борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен HDT Impex s.r.o. жана  ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери полигонго барышты.  

Муниципиалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, эксперттер вице-мэр менен биргеликте учурдагы кырдаалга баа берүү үчүн барышты. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Бишкектин айланасын ууландырган жана түтүндүн пайда болушуна өбөлгө түзгөн таштанды полигонундагы түтүнгө каршы күрөш активдүү жүргүзүлүүдө.

Эми ички газдарды локализациялоо үчүн террассалоо ыкмасы менен акыркы жыйынтыкка жеткенге чейин иштер улантылат.

Бүгүнкү күндө түтүн 95% га жоюлду.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости