www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга кол койду.
Депутат Гүлшат Асылбаева сунуштаган документти коомчулуктагы сындан улам мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган эле. Карама-каршы пикирлер дале токтогон жок.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева бул процесс үчүн оңбогондой каражат жана ресурс керек деп эсептейт.
--"Биринчи кезекте, бул иш үчүн административдик жоопкерчилик каралбаганын айтып коюш керек. Ал боюнча норма жок. Экинчиден, муну ишке ашыруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилип жатат, бирок ал үчүн каржылоо каралган эмес.
Ал каралганда деле ага өкмөттүн, бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетпейт. Үчүнчүдөн, интернет провайдерлер бул өңүттөгү жумушту буга чейин деле жүргүзүп келишкен. УКМК же башка органдар коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды сураса, алар ансыз деле беришчү. Эми болсо алар кошумча реестр түзүп, "мамлекеттик органдар чечим чыгарса интернет сайттарды же колдонуучу блок кыласыңар" деп жатат. Бул интернет тармактагы бизнеске кошумча жоопкерчилик, ашыкча чыгашаларга алып келет.
Төртүнчү маселе, сайт бөгөттөлсө анын ээси сотко кайрылса болот деп жатышат. Эгерде ондогон фактылар болуп кетсе, бул демек сотко да чоң жүк жаратат. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен бул мыйзам оппозицияга, укук коргоочуларга жана активисттерге каршы деп бааланып жатат. Ошондуктан мен мыйзамга позитивдүү караган жокмун", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg