www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Тазабек Икрамов депутаттардын камакка алынышы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Элдин арасында мыйзамдуулук боюнча көп нааразычылыктар болуп жатат. Жаңы Конституцияны кабыл алдык. Ошондогу 78-берененин 1-бөлүгүндө жазылып тургандай, эл өкүлү депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлерине же Жогорку Кеңештеги добуш бергени боюнча куугунтукталбашы керек.

Депутат кылмыш иш үстүндө кармалганда гана депутатты жоопко тартса болот. Мыйзам бузуулар болуп жатат. Ким жооп берет? Мандаты бар депутаттарды кармаган орган дагы жооп бериши керек. Алардын түшүндүрмө бериши зарыл. Мыйзамды сыйлабай, мыйзамды бузушту", - дейт Икрамов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости