www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүүдө

Бүгүн, 2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат. Чогулгандар «Сапат» эл аралык билим берү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылып жатышат.

Митингге 100дөн ашуун адам чогулду. Алар Түркиянын элчиси менен жолугууну талап кылууда.

Эске салсак, кечээ, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инандынын унаасы 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости