www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Мариповго депутат Тазабек Икрамов кайрылып, Энергетика жана өнөр жай министрлигине сунушталып жаткан Кубанычбек Турдубаев мурда соттолгонбу деген суроо узатты.

«Улукбек Асамидинович, сиз эсептөө палатасында иштедиңиз. Кайсы жерде коррупция, кайсы жерде жетишпегендиктер бар экенин билесиз. Энергетика тармагында 137 миллиард карыз бар деп жатасыз. Элдин эсебинен акча жеп жаткан бажы жана салык кызматтарынан кийинки эле коррупциялашкан тармак энергетика тармагы турат. Энергетика тармагына азыр сиздер сунуштап жаткан адам буга чейин коррупцияга байланыштуу соттолгонбу же соттолгон эмеспи?», - деди Икрамов.

Эл өкүлүнүн суроосуна Кубанычбек Турдубаев өзү жооп берди.

«Бул маселеге чекит коюш учун так жоопберип коёюн. Туура 15 жыл мурун биз иштеп турган «Чыгыш электр» ишканасында кээ бир жетекчилердин айынан баш аягы 38 кызматкер жоопко тартылган. Бизди 6 ай ары-бери сүйрөшүп, аягында соттун өкүмү менен жазадан бошотушту. Себеби эч кандай коррупциялык фактылар, мамлекеткеттик бюджетке келтирилген зыян аныкталган эмес. Ошондуктан, биз соттолгон адам болуп эсептелбейбиз», - деди Турдубаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости