www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тажик Эйр” улуттук авиакомпаниясынын банк эсептери бөгөттөлдү. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Аткаруу кызматы кабарлады. Мекеме авиакомпаниядан литвалык "Скайроуд Лизинг" компаниясына тиешелүү 20 млн доллар каражатты өндүрүп алышы керек.
Тажикстан өкмөтүнө караштуу Аткаруу комитетинин жооптуу кызматкери Шариф Нурзоданын айтымында, мекеме Тажикстан Жогорку экономикалык сотунун чечимин аткарууга милдеттүү.
“Чечимди ишке ашыруу үчүн авиакомпаниянын бардык эсептери тоңдурулду”, - деди Нурзода.
Улуттук авиакомпаниядан комментарий алууга мүмкүн боло элек. Буга чейин “Тажик Эйр” карыздын көп бөлүгүн төлөп бүткөнүн жана литвалык компанияга 20 млн доллар төлөө ниети жок экенин билдирген.
2009-жылы эки “Боинг 737 500” учагын лизингге берген литвалык компания “Тажик Эйр” 20 миллион доллар карыз болуп калганын билдирип, жергиликтүү жана эл аралык сотторго кайрылган.
“Тажик Эйр” бир нече жылдан бери кризисте. “Озоди” радиосу улуттук авиакомпания банкрот алдында экенин жазган. Ушул тапта “Тажик Эйр” салык органдарына, банктарга, аэропортторго жана башка техникалык кызматтарга 40 миллион доллардан ашык каражат карыз.
Булак: NazarNews.kg