www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Өзбекстан менен Тажикстанга Ооганстандын 46 аскердик учагын берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анын ордуна Вашингтон бул өлкөлөрдөн Ооганстандагы террористтерге каршы күрөштө жардам алууну каалайт, деп жазды Politico булактарына таянуу менен.
Кеп Ооганстандын аба күчтөрүнүн учкучтары Кабулду талиптер басып алгандан кийин Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирген учактар тууралуу болуп жатат. Алардын арасында C-208 учактары, A-29 Super Tucano жеңил чабуулчу учактары, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары бар.
Талибдер бул унаалар оогандардын менчиги экенин айтып, аларды кайтарып берүүнү талап кылууда.
Өзбекстан менен Тажикстандын бийликтери аны АКШнын менчиги деп айтып, кайра кайтаруудан баш тартышууда.
Politico булактары билдиргендей, Вашингтон учактарды америкалык аскерлер жок болгон чөлкөмдө бекем туруу үчүн «рычаг катары» колдонууну каалайт.
АКШ Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнө “коопсуздук мамилелерин тереңдетүү” жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бейформал келишимдин ордуна бир нече учак берүүнү көздөөдө.
Келишим "чалгындоо маалыматын бөлүшүүнү кеңейтүүдөн тартып, узак мөөнөттүү келечекте бул өлкөлөрдө аскерлерди же учактарды жайгаштырууга чейин бардык нерсени камтышы мүмкүн".
Талибан Ооганстанда бийликти 2021-жылдын август айынын ортосунда басып алган. 2022-жылдын 31-июлунда "ал-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Кабулдагы антитеррордук операциясынын натыйжасында өлтүрүлгөн. Андан соң Вашингтон Ооганстандагы террорчуларга жаңы сокку урууга даяр экенин жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg