www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 15-июндан тартып базарларды, кийим дүкөндөрдүн, мейманканаларды жана сулуулук салондорун ачуу жөнүндө чечим кабыл алды. Тажик бийлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал акырындык менен турукташып жатканын билдирүүдө.Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Тажикстандагы өкүлү өлкө пандемиянын туу чокусунан али өтө элек деп эсептейт. COVID-19 вирусунун экинчи толкуну башталышы толук мүмкүн.
Республикалык штаб коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу керек деген талап койду. Тартип бузгандарга айып пул салынары эскертилүүдө.
Тажикстанда 7-июнга карата вирус жуктургандардын саны 4529 кишини түздү. Алардын ичинен 2673 адам айыкты, 48и кайтыш болду. Бейрасмий маалыматтар боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 420дан ашуун.
Булак: NazarNews.kg