www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги укук коргоочу Токтайым Үмөталиева менен анын дарегине айтылып жаткан дооматтар тууралуу сүйлөштүк.

--Токтайым эже, Оренбург облусундагы талаада калгандар сизге ишенип, келип алышып, ошондой оор күнгө туш болуштубу?

--Андай маалыматтар мени каралоо үчүн жана элчинин кайдыгерлик ишин мага жабуу аракети десем  туура болот. Бир айдан ашык мекендештерибиз ачык асман, ай талаада жатышты. Алардын проблемаларын чечсе ким кой дептир. Ошондой абал жаралбасын деп мен элчилерге кайрылып, алдынан өттүм. Аликбек Жекшенкуловдун  месенжерине да бир канча жолу жаздым. Жооп болгон жок.  8 жашар  баланын апасы “реанимацияга кирип бара жатам, балам талаада калды. Карап коюңуз” деп ыйлап  чалыптыр.  Ошол баланын тагдыры мени мигранттардын ишине кийлигишүүгө алып барды. Элчиге чалсам албайт  анан  Тимур Саралаевге байланыштым. Абалын түшүндүрдүм. Тимур бир канча убакыттан кийин байланышка чыгып, “балдар кетти квартплатасын төктүк эртең Сургуттан тайежесин алдырабыз”- деди. Кудайдан болуп апасы сакайып чыкты. Бирок, маселе аны менен эле бүтүп калган жок. Күндө  жардамга муктаж, айласы кеткендер жеке куржунума кат менен да кайрылып, вотсапка да ыйлап чалып жатышты. Ошону менен карантинде мекендештеримдин маселесин чечүүгө салым кошууга туура келди. Мен ал аракетимди элчилердин жана элчиликтеги иштеген кызматкерлердин эмгегин жокко чыгарайын деп жасаган жокмун. Жарандык милдетим катары жасадым. Ошон үчүн мага опол тоодой доомат коё беришпесин. 

--Мигранттарды дүрбөткөнүңүз үчүн кылмыш жообуна тартылышыңыз керек дегендер да чыкты. Эми  сизге кылмыш иши козголуп кетпейби?

--Алгач дүрбөлөң салганымды тастыкташсын. Анан кылмыш жоопкерчилигине тартышсын. Кимдин аракети кылмышка жакын экенин көрө жатабыз. Айтайын дегеним, БШКда каттоо менен бекитилген шайлоодогу роликтеримди таап алып, менин айткан сөздөрүмдү вотцаптагы жабык топтордон алып, кыскартып бурмалап тараткандар да болду. Анын баарын тактап койдум. Булар видео роликтерден менин үндөрүмдү урдап  алышып,  интеллектуалдык жеке менчиктериме кол салышты. Кыскасы, мага эмес, өздөрүнө доомат коё турган жердемин.

--Сиздин жазган каттарыңыз же сиз жүргүзгөн сүйлөшүүлөр чын эле натыйжа бердиби?

--Менин өз уюмумдун атынан жазган каттар жоопсуз калган жок. Айтайын дегеним, Оренбургдун губернатору Паслерден каты  Соль Илецкийдин Мэри Кузьминдин электронкасынан келди.  Алар биздин канча жаран сыртта калганын, убактылуу жашоого шарт түзүп бергендери жөнүндө баарын тизмектеп, эл аралык деңгээлде жардам беришкенин  айтышып жооп жазышты. Мен маселени чечели, талаада калган боордошторубузду мамлекетибизге алып келели. Ага кол-кабыш кылгыла деп кыргыз бийлигине жазган каттарыма да жооп келди. Биздин демилгебиз  менен аткаруучу бийлик үч мыйзам сунуштап, премьер-министр үч чечимге өзгөртүү киргизди. Биринчиси, чет өлкөлүк жаран болуп калган мекендештерибиздин өз үй бүлөсүнө келгенге жол ачылды. Экинчиси, паспортторунун мөөнөтү бүткөн жарандарыбыздын паспортторунун мөөнөтү  узартылды. Ошондой эле премьер-министр бөлүнүп жаткан каражаттарды жол кире, тамак ашына өзү колдонсун деген чечимди буйруктун негизинде чыгарды. Мына ушундай элге пайдам тийген аракетимден саясат издеп, шайлоого барып, мигранттардын добушун алат экен деп кооптонбой эле коюшса болот. Мен бул аракетти упай топтоюн деп эмес, талаада калган мекендештериме жардам берейин, бийликтин көңүлүн буралы деп жасадым. Жазган каттарымда дагы элчиге бир сөз тийгизген жокмун. Кол топтоп, жоон топ аксакалдардын кайрылуусун казак ажосу Токаевге жөнөттүк. Алар 15-майда кол койду. 17-майда биздин Ажобуз сүйлөшүп, туулган күнү менен кесиптешин куттуктады. Мына ошол аракетибиздин арты менен кыска мөөнөттө Оренбугдан элди алып чыгып кеткенге жол ачылды. Мындай аракетим салымым үчүн төш кагып мактанбайм. Болгону жогоруда айткандай жарандык милдетимди аткардым деп гана билем. Ал үчүн мени каралап, ойго түшкө келбеген жоруктар менен алек болуп, убара болушпай эле койсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости