www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери башка жергиликтүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте коронавирус жугуштуу илдетинин жайылышына жол бербөө максатында аймакта бир катар профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келүүдө.

Ушундай иштердин жүрүшүндө, 5-июндан 7-июнга чейинки аралыкта үй карантиндин шарттарын бузган 3 жаран милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Алар Россия Федерациясынан келишкен 43 жаштагы С.Т. жана 22 жаштагы Ж. кызы А., ошондой эле бейтап менен байланышта болгон 43 жаштагы С.Н. болуп чыгышты.     

Аталган жарандар менен онлайн режим аркылуу үй карантиндин шарттарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык эпидемиологиялык кызматынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 293 беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен тийиштүү протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ысык-Көл областтык милициясы дагы бир жолу эскертет: үй карантини мезгилинде үйдөн чыгууга болбойт. Мүмкүн болушунча үй-бүлөнүн мүчөлөрү менен да аз байланышта болуп, өзүнчө бөлмөдө болуу зарыл. Өзүнчө идиш-аяк, кол аарчы жана гигиена каражаттары менен колдонуу керек. Ар дайым бөлмөнүн ичин желдетип, атайын каражаттар менен тазалап туруу абзел. Ар дайым медицина кызматынын дарыгерлери менен кеӊешип, алардын айткан кеп-кеӊештерин аткаруу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости