www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын аймагында 1-февралдан тарта электр энергиясына байланыштуу чектөөлөр бштала турганы эскертилген. Улуттук «Барки Точик» энергетикалык холдингдин маалыматы боюнча, мындай лимит таңкыстыкты жоюу жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына тийүүчү кесепеттерди алдын алууга багытталган.

«Барки Точик» тараткан маалымат боюнча, Вахш дарыясынан жайында орточо секундасына 2000-2200 куб метр суу агып чыгат. Ал эми кышкысын секундасына 150- 200 куб метр болот.

«Январда электр энергиясы көп өлчөмдө пайдаланылгандыктан Вахш суусундагы Нурек ГЭСиндеги суу сактагычтан пайдаланылган суунун көлөмү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өскөн. Адистер бул кырдаалды олуттуу деп эсептейт. Эгерде чаралар көрүлбөсө, анда электр энергиясына болгон таңкыстык жаралып, өлкөнүн экономикасына жана жарандардын турмушуна олуттуу зыян келтириши толук мүмкүн экенин адистер эскертүүдө», - деп айтылган расмий маалыматта.

Энергетикалык лимит Вахш дарыясындагы абал турукташкандан кийин токтойт.

Тажикстанда 2022-жылдын аягында электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр болуп, январь айынын башында жоюлган. Ал учурда калкка саат 22:00 — 5:00 аралыгында электр жарыгы берилген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости