www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.
Маалыматка камраганда, Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери 2023-жылдын 26-январь күнү жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстанга мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалган.
"Чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. Кытай Эл Республикасынын 44 жаштагы жараны Чж. Д. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.
Булак: NazarNews.kg