www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Салык комитети Facebook социалдык түйүнүн салык төлөөчү катары каттаганын билдирди.

Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстандын жарандарына интернет-кызмат көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Facebook же анын расмий өкүлдөрү Тажикстандын Салык комитетинде каттоодон өткөнү боюнча расмий маалымат берген жок.

Facebook – Тажикстанда он миңдеген колдонуучулары бар популярдуу соцтармактардын бири.

Салык комитети Facebook компаниясынан тышкары салык төлөөчү катары Doodle Incorporation, Novatech жана Esolar Ltd да каттоодон өткөнүн кошумчалады.

Жаңы эрежелер боюнча Тажикстанда түздөн-түз же ортомчулар аркылуу товарларын же кызматын саткан чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөшү керек. Бул үчүн Салык комитетинин сайтында онлайн каттоого туруу зарыл.

Тажикстан Facebook, Google жана башка ири телекоммуникациялык компанияларга салык төлөтүү жаатында Россия, Испания, Өзбекстан сыяктуу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости