www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда тыюу салынган «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен 113 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон 28-январда Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

- Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайлардын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү бар. Алардын баарына кылмыш иштери козголду. Булардын максаты Тажикстанда бийликти кулатуу болгон, — деди Рахмон.

Башкы прокурор президенттик аппараттын кызматкери менен Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген аткаминер бул уюмга мүчө деп шектелип жаткандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деп шектелген адамдарды кармоо январдын башында башталган. Анда өлкөдө тыюу салынган бул уюмдун мүчөлөрүнүн түйүнү аныкталганы кабарланган.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын ишмердүүлүгүнө 2006-жылы тыюу салынган. 2016-жылы бул уюмга тиешеси бар жана өспүрүмдөрдү Сириядагы согушка азгырган деген шек менен өлкөнүн түндүгүндө беш имам кармалып, ар бири беш жылдан эрктеринен ажыратылган.

«Мусулман агайыңдар» - эл аралык диний-саясий уюм, 1928-жылы Египетте түптөлгөн. Бир нече өлкөдө мыйзамдуу саясий күч болуп саналып, парламентте өкүлдөрү бар. Ошол эле маалда бир катар өлкөлөрдө бул уюмга тыюу салынган.

Последние новости