www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында орто көлөмдөгү жардырылган көпүрөнүн курулуш иштери аяктады, деп билдирет Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстандын Баткен облусуна кол салуусу учурунда тажик аскер кызматкерлери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолун бириктирген Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишкен.

"Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында унаа өтүүчү көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, унаалар өтүүчү жол пайдаланууга берилди. Курулуш иштерин "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө башкармалыгы жүргүзгөн. КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Тиллаев ведомствонун Баткен облусу боюнча кызматтары тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин координациялоодо", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости