www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курман болгон чек арачынын жубайы көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу ЖМКга маркумдун агасы билдирди.
Прапоршик Нургазы Боркошов 16-сентябрда Кара-Бак заставасында тажик куралдуу күчтөрү менен айыгышкан согушта баатырларча курман болгон.
“Инимдин артында эки уул, эки кызы калды. Анын жубайы 17-сентябрда көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Ал кызына Мээрим деген ат да тандап кетиптир. Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп”, - деп билдирген агасы.
Нургазы Боркошов 1987-жылы Баткен шаарында туулган.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 183 киши жабыркады.
Булак: NazarNews.kg